13:25
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Депутат: Башкы прокуратуранын ишин журналисттер аткарышууда

Депутат Жанар Акаев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун журналисттерге карата алкыш айтуусун сунуштады. Бул тууралуу депутат бүгүн Жогорку Кеңеште Башкы прокуратуранын 2017-жылы жасаган иштеринин отчету угуу учурунда билдирди.

Жанар Акаевдин айтымында, Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү эмес, ЖМК өкүлдөрү курч мүнөздөгү темаларды көтөрүп чыгып иликтөө жүргүзүшүүдө.

«Алар сиздердин жумушуңуздарды да аткарышууда. Мисалы, Тарых музейиндеги ызы-чууну эле алсак, эмнеге азыркыга чейин кылмыш иши козголо элек? Ал жакта жемкорлук схемасы бар экендиги айкын эле көрүнүп турбайбы? Бул тууралуу алгачкылардан болуп журналисттер жазып чыгышты», -деди Жанар Акаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
25-апрель, бейшемби