Балыкчыда 33 жаштагы аял 2 жаштагы наристени сабап салды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ысык-Көл ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, сабалган наристенин апасы Каракол шаарына жумуш издеп кеткен. 2 жашар баланы күйөөсүнүн бир тууганы карап калган. Наристе шымына заара ушатып койгондугу үчүн сабалган.
«Учурда бала Балыкчыдагы реабилитациялык борборго алынып келинди. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды», -деп билдиришти ОИИБдан.
Окуя 27-майда катталган.