USD87.45EUR98.08RUB1.04
24.kg

«Достук-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү жайында күн сайын 12 миңдей адам өтөт

15:42, 25 мая 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусунун Кара-Суу районундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы «Достук-унаа жолу» көзөмөл-өткөрүү жайында күн сайын 12 миңдей киши өтөт. Бул тууралуу Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү жайындагы кырдаалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешмесинде маалым болду.

Билдирүүгө караганда, аталган жайдын суткасына 8 миң кишини өткөрүү мүмкүнчүлүгү болгон кезде да күн сайын кеминде 12 миңдей жаран өтүп жатат. Өкмөт башчы аталган көзөмөл-өткөрүү жайындагы узун кезектерге көп сандаган даттануулар түшүп жатканын белгилеп, тиешелүү жетекчилерге маселени ыкчам тартипте чечүүнү тапшырды.

Анын айтымында, өткөрмө бекеттери аркылуу өтүүдө өлкө жарандары жана чет элдик коноктор үчүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү зарыл.

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, «Достук» өткөрүү жайындагы кезектер кыргыз-өзбек чек арасы аркылуу өтүүнү каалагандардын санынын көптүгүнө байланыштуу экенин маалымдады. Аталган жайда паспорттук көзөмөл кабинасынын саны 14кө чейин көбөйтүлгөн.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18