18:18
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Карызын убагында кайтарбаган жаран камоого алынды

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда алдамчылыкка шектелген 32 жаштагы И.С. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Чүй ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Жетиген айылынын 50 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда шектүү айым таанышынан 630 миң сом карызга алып, кайра кайтарып берген эмес.

«Кармалган жаран тил катты үчүнчү жактан алдым деп өзгөртүп койгон. Акчаны кайтарып берүү мөөнөтү келгенде, доогер төлөп берүүсүн талап кылган. Бирок, шектүү эч кандай акча албагандыгын айтты. Учурда ал тергөө абагында», — деп билдиришти басма сөз кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар