10:46
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Күйөөсүн өлтүргөн аялды психиатриялык ооруканага мажбурлап дарыланууга жөнөтүштү

Каракол шаардык соту күйөөсүн өлтүргөн 51 жаштагы аялды психиатриялык ооруканага мажбурлап дарыланууга жөнөттү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, соттолуучу айым күнөөсүн толугу менен мойнуна алган жок.

«Негизи мен үй чарбачылыгы менен алектенчүмүн. Ошол күнү кечинде күйөм тууганы менен мас болуп келген. Кечки тамакты берип баштаганда эле күйөм мени сөгүп, басынтты. Алар 1 литр арак ичип болгон соң, кайрадан кагып-силкип, басынтып баштады. Мени көздөй келип соккону жатканда бычак менен төшкө сайдым», — деп сот учурунда айткан ал.

Комплекстүү экспертиза көрсөткөндөй, кылмышкер айым өзүнүн кылган кылыктарына жооп бере албайт. Мындан улам, аны мажбурлап дарыланууга жиберишти.

Эң көп окулган жаңылыктар