22:08
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Америка Орусияны Абхазия менен Түштүк Осетиядан аскерлерин чыгарууга чакырат

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусияны Грузиянын жикчил аймактарынан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды. 

«АКШ Орусия тараптан грузин жеринин оккупацияланышын айыптайт. Орусия куралдуу күчтөрүнүн Грузияга кирип барышы — бул эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бузуу болуп эсептелет. Орусия тараптан оккупацияланган Абхазия менен Түштүк Осетия – Грузиянын ажырагыс бөлүгү. АКШ Грузиянын эл аралык деңгээлде таанылган чек арасы менен аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн колдойт», — деди Помпео 21-майда Грузиянын премьер-министри Георгий Квирикашвили менен сүйлөшкөн маалда.

Ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысы Орусияны «ок атууну токтотуу, аскерлерин согушка чейин турган позицияларына кайтаруу, Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган чечимди жокко чыгаруу жана гуманитардык жардам үчүн эркиндик берүү» тууралуу 2008-жылкы макулдашуулардагы милдеттенмелерин аткарууга үндөдү.

Түштүк Осетия Республикасынын Жогорку Кеңеши 1992-жылы 29-майда, Тблиси менен куралдуу жаңжалдар болуп жаткан маалда Грузиядан көз карандысыздыгын жарыялаган. Абхазия болсо көз карандысыздыгын 1993-жылы, Грузия менен болгон согуштан кийин жарыялаган.

2006-жылы Грузиянын эки жикчил аймагы — Абхазия менен Түштүк Осетия бири-биринин көз карандысыздыгын тааныган. Андан тышкары аларды эл аралык коомчулук тарабынан эгемендүүлүгү тааныла элек Приднестровье менен Тоолуу Карабах республикалары дагы тааныган.

2008-жылы августта Түштүк Осетиянын аймагында болгон Орусия менен Грузиянын ортосундагы согуштан кийин эки республиканын көз карандысыздыгын Москва тааныган.

Грузия Абхазия менен Түштүк Осетияны Орусия тараптан оккупацияланган аймак деп эсептеп, Москваны өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн бузууга айыптап келет.

Эң көп окулган жаңылыктар