20:16
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Абитуриентти окууга өткөрөм деп 2 миң долларын алдап алган жаран кармалды

Абитуриентти окууга өткөрөм деп 2 миң долларын алдап алган жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга жабырлануучу арыз менен кайрылган. Анда 2017-жылы жаран абитурентти шаардагы жогорку окуу жайлардын бирине өткөрүүнү убада кылып, 2 миң долларын алып алып, изин жашырып кеткени жазылган.

Аталган факт боюнча Октябрь райондук ИИБ тарабынан «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1966-жылы туулган С.Э. аттуу жаран шектүү катары кармалган.

Учурда ал камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар