20:07
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Аба ырайы: Эртең Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт

Эртең, 17-майда республиканын аймагында туруксуз аба ырайы сакталат. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы ыктымал.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

17-майда Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума