20:42
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Орозодо берилүүчү садага-битирдин өлчөмү аныкталды

Орозодо берилүүчү садага-битирдин өлчөмү аныкталды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

Дин кызматкерлеринин айтымында, ар бир колунда бар адам чоң кичинесине карабай жан башына садага берүүсү керек.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы, Рамазан айында садага-битир берүүнүн, жыйноонун жана шариятка ылайык жумшоонун тартибин бекитти.

                          Буудай           Мейиз       Ун              Арпа        Курма

Орточо баа:    18,75 сом     240 сом     22 сом      15 сом     120 сом

Өлчөм:            1,600            1,600          1,600         3,200       3,200

Жалпы:           30 сом          384 сом      35 сом       48 сом     480 сом

Белгилей кетсек, садага-битир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бирок бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

Садага-битир жан башына 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) же анын акчалай наркы берилет.

Баалардын туруксуздугуна байланыштуу, садага-битир берген учурда 1 кг 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 кг 200 грамм (арпа, курма) баасына көңүл буруу керек.

Орозо айы быйыл 17-майда башталышы күтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума