17:47
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Мугалимдерге кайтадан квалификациялык категорияларды ыйгара башташты

Билим берүү жана илим министрлиги кайрадан мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгара баштайт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Бул үчүн 2021-жылдын май айынан баштап кийинки окуу жылынын башталышына чейин мектеп мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда.

Аттестациялоонун максаты:

  • мугалимдердин педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу;
  • мугалимдердин профессионалдык жана инсандык өсүшүн камсыз кылуу;
  • мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу;
  • мугалимдерди жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шыктандыруу.

Квалификациялык категорияларды ыйгаруу аттестациялоонун негизинде ишке ашырылат. Кийинки окуу жылынын башынан баштап квалификациялык категория үчүн ай сайын кошумча акы төлөнүп турат.

Мыйзамга ылайык, окутуучуларга кошумча төлөмдөр жумасына 20 саат иштегени үчүн төлөнөт:

  • жогорку категория үчүн — 2 миң сом;
  • биринчи категория үчүн — 1,5 миң сом;
  • экинчи категория үчүн — 1 миң сом.

2021-жылдын төрт айына (январь, февраль, март, апрель) мугалимдерге кошумча акы үчүн республикалык бюджеттен 99,7 миллион сом каралды.

Министрликтин маалымат кызматынан билдиргендей, соңку аттестация 2016-жылы өткөрүлүп, ошол бойдон токтоп калган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума