16:49
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

ЖЭБди оңдоо боюнча жооптуу аткаминерлердин тизмеси УКМКга жөнөтүлөт

Бишкек жылуулук электр борборун оңдоо боюнча кытайдын ТВЕА ишканасы менен макулдашууга кол койгон мурдагы аткаминерлерге депутаттык комиссия тарабынан саясий баа берди. Эми бардык материалдар УКМКга жана Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине депутаттык комиссиянын мүчөсү Аида Касымалиева маалымдады.

Маалыматка ылайык, эртең комиссиянын бардык мүчөсү жыйынтыктоочу корутундуга кол коёт.

«Биз укук коргоо органы болбогондон кийин юридикалык баа бере албайбыз. Бирок ошол кездеги өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин жана анын командасынын жоопкерчилигин белгиледик. Ошондой эле мурдагы каржы министри Ольга Лаврова менен экономика министри Темир Сариев дагы жооп бериши керек. Корутундуда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дагы белгиленди», — деди Аида Касымалиева.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума