01:04
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда күчү 5.5 баллга жеткен жер титирөө катталды

6-май күнү 9дан 17 мүнөт өткөндө Кыргызстан менен Таджикистандын чек арасында күчү 5.5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурадуу Сейсмология институту билдирди.

Жер титрөөнүн очогу кыргыз-тажик чек арасында, Бор-Дөбө айылынан 20 чакырым түштүк-чыгышта, Кара-Киндик айылынан 33 чакырым түштүктө, Ош шаарынан 136 чакырым түштүк-чыгышта, Кызыл-Кыя шаарынан 146 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.

Кыргызстандын калктуу пункттарындагы жер титирөөнүн интенсивдүүлүгү Бор-Дөбө айылында-5 балга, Нура, Иркештам, Көк-Суу, Икизяк, Кара-Киндик айылдарында-4 баллга, Сары-Таш, Арча-Булак, Сары-Могол, Талды-Суу, Кара-Кабак, Кашка-Суу, Кабык, Ак-Босого, Кызыл-Алай, Чон-Каракол, Ак-Жай, Кичи-Каракол, Геджиге, Ак-Талаа, Чий-Талаа,Көлдүк,Жергетал, Ачык-Суу айылдарында 3 баллга, Кулчу, Жар-Башы, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон,Чак, Кызыл-Эшме, Кичик-Алай, Кожо-Келен, Ак-Жылга, Кара-Кыр,Чогон,Сопу-Коргон,Терек,Таргалак Күн-Элек, Мурдаш, Ахталаа, Кошулуш айылдарында −2,5 баллга жеткен. Силкинүүдөн жабыр тарткандар болгон эмес.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума