11:04
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Азимжан Аскаровдун боштондугун талап кылган аялы БУУнун комитетине кайрыды

Июнь окуясы боюнча айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун аялы БУУнун расалык кодулоо комитетинин жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Хадича Аскарова, комитет мүчөлөрүнө ачык кайрылуу жасаган. Ал 2016-жылдын апрелинде БУУнун Адам укуктарын коргоо комитетинин абакта жаткан Аскаровду боштондукка чыгаруу сунушун эске албастан 2017-жылы Чүй облустук соту Азимжан Аскаровду өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырганын эске салды.

Буга чейин Хадича Аскарова мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Почта аркылуу жиберген кайрылуусунда ал, күйөөсү жана аны менен чогу айыпталган жети кишинин ишин көз карандысыз экспертизага жолдоону суранган. Эгер мыйзам бузуу аныкталган шартта ишти башка тергөөчүгө жана сотко тапшырууну өтүнгөн.

Эскерте кетсек, Базаркоргондук укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь окуясында «улут аралык кастыкты козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановду мыкаачылык менен өлтүрүүгө катышкан» деген айып менен өмүрүнүн аягына чейин соттолгон. 2016-жылдын апрелинде БУУнун Адам укуктары боюнча комитети аны камоо мыйзамсыз болгонун айтып, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап чыгып, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмүн жокко чыгарган. Ишти кайра кароону Чүй облустук сотуна тапшырган.

Эң көп окулган жаңылыктар