23:42
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Тараз-Талас-Суусамыр жолунда унаа кырсыгынан 6 адам жабыркады

Тараз-Талас-Суусамыр жолунда унаа кырсыгынан 6 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык 25-апрелинде саат 14:02 чамасында Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 52-чакырымында Бекмолдо айылынын Ленин көчөсүндө катталган. «Мерседес-Бенс» үлгүсүндөгү унаасынын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, аласалып кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен 6 адам жабыркаган, алардын ичинен 2 адам оор абалда. Куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарышып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар