16:06
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

«Ала-Тоо» аянтында шамал учурган тууну жаштар жерден дароо жыйнап алышты

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында кечээги катуу шамал учуруп, үзүлүп жерге түшкөн тууну жаштар дароо жыйнап алышты. Бул боюнча тасма Facebook баракчасына жарыяланды.

Күбөлөрдүн айтымында, шамал учуруп түшүшү менен аянта жүргөндөр чуркап келип, туунун чаңын кагып жыйнап алышкан.

Ал эми авангард сүрөтчү Азамат Жаналиев үйдөгү туусун алып келип, борбордук аянтта түнү боо, эртең менен туу кайра ордуна көтөрүлгөнчө кармап турган. Бул кадамын ал аянтты башкы туусуз калтырбоо максаты катары түшүндүргөн.

Белгилей кетсек, кечээ болгон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар