19:03
USD 87.45
EUR 100.95
RUB 1.09

Бишкекте шамал «Ордо» бизнес борборунун маңдайын учуруп, унааларга зыян келтирди

Бишкекте катуу шамал Гоголь көчөсүндө жайгашкан «Ордо» бизнес борборунун маңдайынын бир бөлүгүн жулуп кетти. Мрамор панелдер токтоп турган бир нече унаага зыян келтирди.

Окуя болгон жерден тартылган видеолор социалдык тармактарда жарыяланып жатат. Видеодо имараттын жанындагы унаа токтотуучу жайда фасаддын айрым бөлүктөрү жатканы көрсөтүлгөн.

Учурда жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Окуя борбор калаада шамалдын күчөшүнөн улам болгон. Синоптиктердин маалыматы боюнча, бүгүн Бишкекте секундасына 15-20 метрге чейин жеткен шамал байкалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар