Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана түнкүсүн Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болушу күтүлөт.
«Шамал катталган учурда коопсуз жайларда болуңуздар! Өзгөчө жарнамалык калкандардан, электр чубалгыларынан, бак-дарактардан алыс болууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.