16:44
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Баш прокурорлукка көрсөтүлгөн Жамшитов ага чейинки кыздардан эрктүү боло алабы?

Баш прокурорлукка көрсөтүлгөн Өткөрбек Жамшитовго ага чейин иштеген кыздардан эрктүү болуу сунушталды. Бул тууралуу парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитетинде айтылды.

Депутат Кенжебек Бокоев буга чейин башкы прокурорлукка бул тармакта бир күн да иштебеген кыздар дайындалганын айтты. Исхак Масалиев аны колдоп, ага чейин иштеген башкы прокурорлордон айырмаланып, эркин көрсөтүүгө чакырды.

«Марионет болбой, мыйзам бузулган кезде туура эмес деп Акүйгө дагы кесе айта алсаңыз жакшы болот» — деди ал.

Депутаттар башкы прокурорлукка дайындалып калса, Өткүрбек Жамшитов өз милдетине жоопкерчилик менен карап, өлкөдө мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдү күчөтүү, кылмыштуулукка каршы күрөшүү чараларын жакшыртуу жаатында кыргыз парламенти менен биргелешип иш алып барууга тийиш экенин белгилешти. Ал эми кадр тандоо маселесинде алардын адистик деӊгээлине өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.

Президент тарабынан башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин комитет жактырды.

Белгилей кетсек, Өткүрбек Жамшитов Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылында туулган. 42 жашта.

Эң көп окулган жаңылыктар