21:14
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

АКШнын каржы министри: Орусияга каршы санкциялар максатына жетти

Айрым орусиялык ишкерлерге, мамлекеттик кызматкерлерге жана компанияларга каршы киргизген АКШнын акыркы санкциялары Вашингтон күткөндөй натыйжа берди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын каржы министри Стивен Мнучин Fox телеканалына берген маегинде билдирди.

Мнучиндин айтымында, АКШ Орусияга каршы санкцияларды киргизүүдөн «коркпойт» жана келечекте аларды катаалдатууга даяр. Бирок жаңы санкцияларды киргизүү ниети тууралуу алдын ала кабарлабайт.

15-апрелде АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Никки Хейли Сирия президенти Башар Асадды колдогондугу үчүн Орусияга каршы кийинки аптада жаңы санкциялар киргизилиши мүмкүндүгүн билдирген. Бирок Акүй бул билдирүүнү четке кагып, учурда санкция киргизүү маселеси каралып гана жатканын кабарлаган. Мнучин алгач жаңы санкциялар боюнча чечим кабыл алынганын, бирок көп өтпөй кийинкиге жылдырылып, ал тууралуу Хейли уга элек болгонун ырастады.

6-апрелде АКШнын Каржы министрлиги бир нече орусиялык ири ишкерди, анын ичинде Олег Дерипаска менен Виктор Вексельбергди жана аларга таандык бир топ компанияларды санкциялык тизмеге киргизген. Буга байланыштуу рублдин курсу төмөндөп, Москва биржасындагы баалуу кагаздар жана Дерипасканын «Русал» компаниясынын дүйнөлүк биржадагы акциялары бир топ арзандап кеткен.

Эң көп окулган жаңылыктар