05:16
USD 89.11
EUR 94.62
RUB 0.95

Мамлекеттик карыздын көлөмүн 70 пайыздан ашырбоо сунушталууда

Өкмөт мамлекеттик карызды топтоо динамикасын, ошондой эле бюджеттин тартыштыгынын өлчөмүн тыкыр көзөмөлдөөгө аракеттенүүдө. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башчысы Бакыт Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылдын 30-мартында өкмөттүн токтому менен «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору жактырылган. Бул өзгөртүүлөрдүн максаты — жыл сайын бюджеттин тартыштыгын ИДПга карата 3%дан ашырбоо, ошондой эле мамлекеттик карыздын көлөмүн ИДПнын 70 пайызынан ашырбоо сыяктуу бюджеттик эрежелерди киргизүү болуп саналат.

Азыркы кезде аталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосунда.

Сыдыков мамлекеттик бюджеттин өлчөмү тууралуу акыркы маалыматтарды билдирди. Анын айтымында, 2018-жылдын 28-февралына карата мамлекеттик (тышкы + ички) карызынын өлчөмү 4,4 миллиард долларды түздү, анын ичинен 3 миллиард 885 миллион доллар тышкы карыз.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби