11:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстан жана Белорусия өкмөттөр аралык жыйын өткөрдү. Эмнелер сүйлөшүлдү

Минск шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Отурум министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Беларусиянын премьер-министринин орун басары Анатолий Сивактын төрагалыгы алдында өттү.

Тараптар кыргыз-беларусь соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Жыйындын күн тартибинде өнөр жай, транспорт, айыл чарба жана агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу жана башка маселелер каралды.

Бакыт Төрөбаев өз ара сапарлар жана жогорку деңгээлдеги жолугушуулар, макулдашуулар жана кол коюлган документтер ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө негизги ролду ойной турганын белгиледи. Кыргызстан менен Беларусия эл аралык платформаларда дагы конструктивдүү кызматташып келет.

Ошондой эле, Төрөбаев Беларусиянын президентине Садыр Жапровдун КМШ мамлекет башчыларынын жыйынына катышууга чакыруу боюнча жеке билдирүүсүн жолдоду, жыйын үстүбүздөгү жылдын 13-октябрында Бишкекте өтөт.

Жыйындын жүрүшүндө тараптар биргелешкен инфраструктуралык жана кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу жана өнөр жай, транспорт, логистика боюнча жумушчу топторду түзүүнү макулдашышты.

Билим берүү тармагында Беларусиянын алдыңкы жогорку окуу жайларында бюджеттик бөлүмдөрдөгү орундардын санын көбөйтүү маселесин кароо сунушталды.

Түз байланыштарды активдештирүү максатында тараптар эки өлкөнүн ортосунда Бишкек-Минск каттамы боюнча түз үзгүлтүксүз аба каттамдарын иштеп чыгууга өз ара кызыкдарлыгын билдиришти.

Бакыт төрөбаев өнөр жайлык кооперация жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы Кыргызстандагы ресурстук базанын чоң потенциалын белгиледи, бул өндүрүштү биргелешип өнүктүрүү аркылуу өндүрүлгөн продукцияны локализациялоонун жогорку деңгээлине ээ ишканаларды ачууга мүмкүндүк берет. Буга байланыштуу кыргыз тарап белорусь кесиптештери менен технологиялар жана тажрыйба алмашуу, нефтехимия, металлургия, кремний жана текстиль кластерлери, минералдык жер семирткичтерди өндүрүү жана башка тармактарда биргелешкен ишканаларды уюштурууга даярдыгын билдирди.

Мындан тышкары, тараптар темир жол тармагы үчүн кесипкөй жана техникалык кадрларды даярдоо жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашышты.

Беларусь тарап Кыргызстандан жашылча-жемиштерди туруктуу алууну уюштурууга кызыкдар экенин билдирди.

Кыргыз тарап эки өлкөнүн аймактар аралык кызматташтыгын бекемдей турган региондор форумун өткөрүүнү сунуштады. Тараптар Жалал-Абад менен Гродно облусунун ортосунда эки тараптуу кызматташуунун практикалык жолго коюлганын канааттануу менен белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөндөгү документтерге кол коюлду:

  • жакынкы жана орто мөөнөттүү мезгилге эки тараптуу иш-чаралардын кеңири спектрин камтыган жолугушуунун протоколу;
  • Жалал-Абад облусу менен Беларусиянын Гродно облусунун ортосундагы кызматташуунун жол картасы;
  • «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен Беларусь темир жолдорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум;
  • «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы менен «Белжелдорпроект» институту" долбоорлоо-изилдөө республикалык унитардык ишканасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум.
Эң көп окулган жаңылыктар