20:13
USD 87.45
EUR 99.18
RUB 1.10

Кыргызстанда мамлекеттик карыздын деңгээли төмөндөп жатат

Кыргызстанда мамлекеттик карыздын деңгээли азайып баратат. Бул тууралуу Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун отчетунда айтылат.

Серепчилердин баамында, өлкөнүн мамлекеттик карызынын деңгээли ички дүң продукциянын тез өсүшүнө жана сомдун бекемделишине байланыштуу төмөндөөдө.

2024-жылдын акырына карата анын деңгээли 2,2 пайыз номиналдык өсүш менен ИДПга карата 4,4 пайыздык пунктка 37,6 пайызды түздү.

Негизги кыскартуу тышкы карыздын эсебинен болгон (ИДПга карата −5,3 пайыздык пунктка 25,8 пайыз). Мында ички карыз 0,9 пайыздык пунктка өсүп, ИДПга карата 11,7 пайызды түздү.

«Мамлекеттик казына облигацияларын жайгаштыруу көлөмү 17,6 пайызга кыскарган, бирок дагы эле акыркы жылдардагы орточо деңгээлден олуттуу (2,5 эсе) ашып кеткен», — деп белгилешет EFSR аналитикти

Эң көп окулган жаңылыктар