13:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жапаров: Борбор Азия бүтүндөй келечекке болгон көз карашын жаңыртышы керек

Борбор Азия бүтүндөй келечекке болгон көз карашын жаңыртышы керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк өкмөттүк Дубай саммитинде билдирди.

«Кырдаал дайыма өзгөрүүдө. Досубуз — душман, душманыбыз — дос болуп калышы мүмкүн. Жашоо туруксуз болуп, аба ырайы сыяктуу же маанайга жараша өзгөрүүдө. Бизге келе жаткан өзгөрүүлөргө баарыбыз даяр болушубуз керек». Бул — урматтуу шейх Заед бин Султан Аль Нахайянмырзанын белгилүү цитаталарынын бири. Бул сөздөр ар бир Дүйнөлүк өкмөттүк саммиттин урааны катары туруктуу учкул сөзгө айланышы керек. Бүгүнкү күндө ал өзгөчө актуалдуу, айрыкча конфликттик аймактар, анын ичинде потенциалдуу зоналар көбөйгөн маалда өтө актуалдуу«, — деди ал.

Акылбек Жапаров дүйнө жаңы фазага өтүп жатканын, ал масштабдуу экономикалык жана геосаясий кризистер менен коштолуп жатканын белгиледи.

«Дүйнө «солкулдоодо». Энергетикалык глобалдуу кризис, кеңири жайылган инфляция сөздүн түз маанисинде рекорддорду басып жатат, дүйнөнүн экинчи экономикасы болгон Кытайэкономикасы басаңдоодо, аны менен катар АКШ менен Европанын өнүгүүсү жайлады — мунун баары көпчүлүк үчүн күтүлбөгөн нерселер жана мындай кооптуу чакырыктардын тизмесин чексиз улантсам болот. Көпчүлүк аналитиктер глобалдык рецессиянын жогорку ыктымалдыгын белгилеп, 2023-жылга анча жакшы эмес божомолдорду берип жатышат», — деди ал.

Эң көп окулган жаңылыктар