03:49
USD 85.80
EUR 93.14
RUB 0.88

Өлкөнүн мамлекеттик карызы 6 миллиард долларга жакындап калды

Сентябрдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички) 5 миллиард 987,01 миллион долларды (531 миллиард 108,91 миллион сом) түздү. Мындай маалыматтарды Финансы министрлиги келтирет.

Белгиленгендей,анын иичнде 4 миллиард 486,58 миллион доллар (398 миллиард 4,07 миллион сом) тышкы карызды, 1 миллиард 500,44 миллион доллар (133 миллиард 103,94 миллион сом) ички карызды түзөт.

Бир айдын ичинде мамлекеттик карыз 140,6 миллион долларга өстү. Тышкы карыз 9,48 миллион долларга азайса, ички карыз 150,1 миллион долларга көбөйдү.

Сентябрдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз ИДПнын 57,29 пайызын түздү.

Тышкы карыздын жарымынан көбү (51,9 пайызын) Кыргызстандын ар тараптуу зайымдары — 2 миллиард 330,22 миллион доллар. Дагы 2 миллиард 101,19 миллион доллар (тышкы карыздын 46,8 пайызы) өлкө эки тараптуу жеңилдетилген насыялардын алкагында карыз. Анын ичинен республиканын тышкы карызынын 38,5 пайызын Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына болгон карыз түзөт, ал август айынын жыйынтыгы боюнча 1 миллиард 726,59 миллион доллар болду.

Эң көп окулган жаңылыктар