Талас шаарындагы борбордук мечиттин жергиликтүү жамааты жана шаар жаштарынын колдоосу менен 50 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүктөр таратылды. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле Талас шаарында алгачкы ирет «Ихсан» кайрымдуулук дүкөнү ишке берилип, кайрымдуулук максатында эл топтогон кийим-кечелер муктаждарга таратылды.
"Мындан ары аталган дүкөн муктаж болгон жарандар үчүн ар дайым ачык болот. Ал эми ашыкча кийим-кечеси, турмуш-тиричилик техникалары, эмеректери бар жарандар сооп катары кайрымдуулук дүкөнүнө тапшырса болот",- деп жазылат маалыматта.