19:25
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Bloomberg: Трамп менен Ким Чен Ын жолугушуу үчүн 9 шаарды караштырышууда

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен Тайланд, Сингапур же Монголия, болбосо Европадагы шаарлардын биринде жолугушуусу ыктымал. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына таянуу менен билдирүүдө.

Дональд Трамп буга чейин Ким Чен Ын менен июндун башына белгиленген жолугушуу үчүн беш шаарды караштырып жатканын айткан. Саясатчылар Түндүк Кореядагы өзөктүк куралды жоюу маселелерин талкуулоого ниеттенишүүдө. Bloomberg булагынын маалыматына караганда, Прага, Варшава, Хельсинки, Стокгольм, Осло же Женева жолугушуу өтүшү ыктымал делген шаарлардын тизмесинде.

Мындан тышкары Трамптын администрациясы кездешүү Улан-Батор, Бангкок же Сингапурда болуп калышы мүмкүн экенин да четке какпайт. Ошол эле маалда Bloomberg сүйлөшүүлөр Түштүк же Түндүк Корея, ошондой эле Кытай аймагында болбой турганы анык экенин жазды.

Дональд Трамп Ким Чен Ын менен жолугушуу ниетин мартта билдирген. Америкалык президенттер Түндүк Кореянын лидери менен эч качан жолугушкан эмес. Кездешүүнүн датасы так белгисиз. 18-апрелде ЦРУ директору Майк Помпео Түндүк Кореяда Ким Чен Ын менен жашыруун жолугушканы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар