17:42
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

Орусияда Кыргызстандын жети жараны терроризм боюнча соттолду

Самарда аскер соту Кыргызстандын жети жаранын терроризм боюнча 12 жылдан 16 жылга чейин эркинен ажыратты. Бул тууралуу «АиФ-Урал» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Екатеринбург шаарында Кыргызстан жарандары жашап жүргөн батирден курал-жарак жана ок-дары табылган.

Алар бир тууган Камил жана Казим Абдулажановдор, Ильхом Кадыралиев, Аброрбек Карим-Ахунов, Наманджон Хурулбаев, Фарух Жумаев жана Равшан Каримов аттуу кишилер болгон. Соттолгондордун айрымдары Орусиянын жарандыгын алышкан. Алар Өзгөн районунун тургундары. 

Казим Абдулажановлун кафеси болгон. Тергөө маалыматтарына ылайык, Камил Абдулажанов «Ислам мамлекети» уюмунун идеяларын жактаган топ түзүп, Сириядагы согуштан жарандар болуп Түркиядан дарыланган террорчулардын бирине демөөрчүлүк кылган.

Маалыматка ылайык, алар Москвада, Санкт-Петербурда жана Свердлов облусуна террористтик акт уюштурууга камданып жатышкан. Тактап айтканд, алар метродо жана соода борборлорунда жардыруу уюштурушмак.

Эң көп окулган жаңылыктар