18:32
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Чолпон-Атада орусиялыктардын мыйзамсыз аскердик лагери жабылды

Чолпон-Атада жергиликтүү бийлик милиция кызматкерлери менен бирге балдарга аскердик тарбия берүү менен алектенген орусиялыктардын мыйзамсыз лагерин жапты. Бул тууралуу Turmush сайты жазды.

Басылманын билдиришинче, кемпингдерде Сургуттан Ысык-Көлгө келген 20 бала жана 5 киши болгон. Орусиялыктар өздөрүн «Жогорку класстын окуучуларын жана жаштарды аскердик-патриоттуулукка тарбиялоо» менен алектенген Ханты-Мансий автоном округунун деңиз аскерлеринин союзунун мүчөсү катары тааныштырышкан.

Алар Чолпон-Атага Кыргызстандын Аскер-деңиз флотунун ардагерлер союзунун жана «Пантера» аскердик спорт клубунун чакыруусу менен Коргоо министрлигинин Башкы штабынын жетекчилиги астында өтө турган дениз флоту боюнча эл аралык форумга катышуу үчүн келишкенин белгилешүүдө.

Жергиликтүү бийликтин айтымында, орусиялыктар чатырларды ыйгарым укуктуу органдардын макулдугусуз тигип, санитардык нормаларды бузган. Бул үчүн лагердеги кишилер 5000 сомдон 15000 сомго чейин (57-170 доллар) айыпка жыгылды. Балдар Чолпон-Ата шаарындагы «Зеленстрой» муниципалдык ишканасынын аймагындагы чатырларга убактылуу жайгаштырылды.

Орусиялыктар Ысык-Көлгө 2019-жылы да келгенин, анда деле бийликтин макулдугусуз лагерь уюштуруп, көл жээгинде 40 күн турушканын айтышкан.

Эң көп окулган жаңылыктар