20:47
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Жогорку Кеӊеште жаӊы депутаты Насыр Мусаев ант берди

Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Насыр Мусаев ант берди.

Ал депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Насыр Мусаевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, Жогорку Кеӊештин депутаты парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Эң көп окулган жаңылыктар