11:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Аксыда жер титиреди

Аксыда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-апрель күнү саат 12:32де Кыргызстандын аймагында күчү 3-3,5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим, Сыны жана Мукур айылдарында 3,5 баллга, Кербен айылында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала алынган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Эң көп окулган жаңылыктар