06:54
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Тогуз-Тороо окуясы боюнча 15 киши камакка алынды

11-апрелде Тогуз-Тороодогу"Макмал алтынкен« комбинатынын эски фабрикасынын жанында катталган окуя боюнча 15 киши камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 234 жана 174-беренелеринде көрсөтүлгөн кылмыш ишинин курамы боюнча шектелген Тогуз-Тороо районунун 15 тургуну Кылмыш-процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аталган факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, 11-апрель күнү түзүмдөр аралык комиссиянын курамына кирген 30 адам «Макмал алтынкен» комбинатынын эски фабрикасынын жанында жергиликтүү тургундарга «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Жолугушууга 1000 жакын адам чогулуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында аягына чейин угушпай, комиссия тарапка жана коомдук коопсуздукту камсыздап турган милиция кызматкерлерине дагы таш ыргытышкан.

Чогулгандардын көбү жаш адамдар болгондуктан, «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын иштетүүчү фабрикасынын аймагына кирип барышып, тосмолорун бузушкан, андан сырткары, салынып жаткан чарба курулуштарын, курулуп жаткан үйлөрдү техникалары менен өрттөп жиберген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (бейбаштык), 174-беренеси (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу, өрттөө) жана 233-беренесине (массалык тартипсиздик) ылайык кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда милиция кызматкерлери тарабынан коомдук коопсуздук камсыздалып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар