15:58
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Тогуз-Тороодо митингге чыккан элди милиция көзөмөлгө алууда

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Тороо районунун тургундары мекемелер аралык комиссиянын мүчөлөрүн таш бараңга алууга аракет кылышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, «Макмал алтын» ишканасынын мекемелер аралык комиссиянын өкүлдөрү жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барган. Жолугушууга келген миңге жакын адам комиссия мүчөлөрүнө жана милицияга карай таш ыргыта баштаган.

«Учурда комиссия мүчөлөрү коопсуз жайда. Чогулгандар курулуп жаткан фабриканы өрттөп, талкалай башташты. Окуя катталаары менен өрт өчүрүүчүлөр чакырылды. Бирок жол жабык болгондуктан келе алышкан жок» — деп маалымдайт ИИМ.

Учурда милиция жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, абалды көзөмөлгө алууда.

Эң көп окулган жаңылыктар