08:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Парламент Исаковдун отчетун күтүүдө. Премьер КСДПдан башка фракцияга келе элек

Жогорку Кеңеш премьер-министр Сапар Исаковдун 2017-жылдагы ишмердиги боюнча отчетун күтүүдө. Өкмөттүн жыл жыйынтыгы парламенттин эки комитети жана бир фракциясында каралды.

Шаршемби күнү Сапар Исаков КСДП фракциясынын жыйынында өзү отчет берип, депутаттардын колдоосуна татыган.

Бүгүн ал «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жыйынына катышмак. Бирок, өкмөт башчы келе албагандыктан жыйын кийинкиге жылдырылды.

Ал эми «Өнүгүү — Прогресс» фракциясында отчет берүүгө вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев келген. Бирок, депутаттар Сапар Исаковдун отчетун талап кылышты.

«Сапар Исаковдун өзүнө абдан көп суроолор бар. Ишинде көп кемчиликтер кеткени маалым. Андыктан биз өзүн укпай туруп, чечим кабыл ала албайбыз» — деди Бакыт Төрөбаев.

Бүгүн түштөн кийин өкмөтүн отчету «Кыргызстан» фракциясынын жыйынынын күн тартибине киргизилди.

Өкмөттүн отчету кийинкиге жумада палатада каралат. Айрым фракциялар Сапар Исаковго ишеним көрсөтпөө маселесин көтөрүп жаткандыгы айтылууда.

Эң көп окулган жаңылыктар