04:56
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Жогорку Кеӊеш юстиция министрлигине Айнур Абдылдаеванын талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеӊеш премьер-министри Сапар Исаков тарабынан юстиция министрлигине сунушталган Айнур Абдылдаеванын талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды.

Депутаттар өкмөт мүчөлүгүнө сунушталып жаткан талапкерди өз милдетине жоопкерчилик менен карап, мыйзам долбоорлорун тыкыр даярдоого, алардын сапатын жогорулатууга, бул багытта кыргыз парламенти менен биргелешип иш алып барууга чакырды.

Ал эми Премьер-министрди кадр тандоо маселесине, алардын адистик деӊгээлине өзгөчө көӊүл бурууга чакырды.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Айнур Абдылдаеваны эл өкүлдөрүнүн ишенимине ээ болушу менен куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Юстиция министрлигине талапкер Айнур Абдылдаева буга чейин Юстиция министрлигинин статс-катчысы кызматын аркалап келген. Эске салсак, «КР өкмөтү жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, өкмөт мүчөсү парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Эң көп окулган жаңылыктар