18:56
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Хабаровскта тик учак кыйрап, алты киши набыт болду

Шаршембиде Хабаровскта Ми-8 тик учагы кыйрап, алты киши мерт болду.

Орусия ӨКМи билдиргендей, «Восток» авиакомпаниясына таандык тик учак окуу-машыгуу максатында учуп жүргөн маалда жерге кескин түрдө конгон. Катуу урунгандыктан тик учак күйүп кетти, анын сыныктары бир чакырым радиуска чейин чачырады.

Кылмыш иши козголду. Тик учактын кыйрашына катаал аба ырайы — туман, техникалык мүчүлүштүктөр жана учкучтун катасы себеп болушу ыктымал деген версиялар каралууда. Ми-8деги эки «кара куту» тең табылды.

Хабаровск аймагында Ми-8 тик учагынын кыйрашына байланыштуу 12-апрель аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума