USD87.45EUR97.90RUB1.04
24.kg

Дарыгерлер Өмүрбек Текебаевдин ден соолугуна байланыштуу кеңешмеге чогулат

16:43, 10 апреля 2018, Бишкек - 24.kg

Мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборунда текшерүүдөн өткөн соң кайрадан № 47-абакка жөнөтүлдү. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Жаза өтөө боюнча мамлекеттик кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эртең дарыгерлер жыйынга чогулуп, Текебаев ооруканага жаткырып дарылоого муктажбы же жокпу деген маселени талкуулайт.

Буга чейин анын адвокаттары саясатчы дарыланууга муктаж экенин жана № 47 — абакта андай шарт жок экенин айтып келишкен.

«Ата Мекен» партиясынын лидери «Жемкорлук» беренеси боюнча айыпталып, 2017-жылдын 16-августунда күнөөлү деп табылган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика