21:09
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кыргызстанда эки киши абактан качты

Кыргызстанда эки киши абактан качты. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Маалыматка ылайык, алар жазасын Балыкчыдагы абакта өтөп жаткан.

«Учурда билдирүү таратып, укук коргоо органдарына маалымат бердик. Мыйзамга ылайык, эгер алар үч күн аралыгында абакка кайтып келбесе издөө жарыяланат. Абактан 38 жаштагы Зафаржон Исматов аттуу Тажикстан жараны жана 34 жаштагы Аскаржон Буриев аттуу Өзбекстан жараны качып чыккан. Алардын бири уурулук боюнча эркинен ажыратылса, экинчиси документ жасагандыгы үчүн кесилген» ,- деп маалымдайт мекеме.

Эң көп окулган жаңылыктар