22:29
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Петровка айылындагы абакка 108 литр спирт ичимдигин киргизүүгө аракет кылышкан

Абактагы соттолгондорго алкоголдук спирт ичимдигин жашыруун өткөрүп берүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.

27-декабрда Чүй облусунун Петровка айылында жайгашкан № 8 түзөтүү мекемесинде азык-түлүктү текшерүү учурунда көлөмү 1,5 литрлик «Ыссык-Ата» желим бөтөлкөсүнө куюлган (капкагы өндүрүш иш-канасынан бекитилгендей абалда болгон), алкоголдук спирт ичимдиги жыттанган суюктук алынган.

«Жалпы көлөмү 108 литрди түздү. Бул суюктуктун спирт ичимдиги экенин аныктоо үчүн жергиликтүү экспертизага жөнөтүлдү. Укук бузуулар жөнүндө кодекси боюнча жазык аткаруу тутумунун ички тартип эрежелери менен сактоого жана пайдаланууга тыюу салынган посылкаларды, бандеролдорду, буюмдарды, документтерди жана тамак-аш азыктарын соттолгондорго өткөрүп берүүгө аракет кылган жарандарга 175 эсептик көрсөткүч (17,5 миң сом) өлчөмүндө айып салынат,» — деп айтылат маалыматта.

ЖАК
Фото ЖАК

Эң көп окулган жаңылыктар