11:01
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жалал-Абаддагы эки абактын курулушуна 705 миллион сом бөлүнгөн

Жазаларды аткаруу кызматынын төрт объектисин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынын сыртына көчүрүүнүн алкагында Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында № 10 абактын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

ЖАКтын төрагасы Аскат Эгембердиевдин айтымында, ал жакта беш жатакана, откана, медициналык санитардык бөлүк, административдик имарат, спорт зал, өндүрүштүк жай, түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаменти үчүн имараттар болот.

Ошондой эле Сузак районунун Таш-Булак айылында тергөө абагынын курулушу улантылууда.

Бул эки объектке тең мамлекеттик бюджеттен 705 миллион сом сарпталган.

Мындан тышкары мекеме Чүй облусунун Нижний Нооруз айылындагы 2 миң орундуу жаңы тергөө абагынын долбордук-сметалык документери иштелип чыгарын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар