09:53
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстанда соттолгондор шахматтык турнирде 4-орунду ээлешти

Кыргызстанда абакта отургандар III Континенттер аралык «Эркиндик үчүн шахмат» онлайн турнирине катышты. Аталган турнир соттолгондордун арасында өткөрүлөт. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык турнирге дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 118 команда катышкан.

Кыргызстандын командасы 4-орунду ээледи. Байгелүү орундарды Индия, Монголия жана Филиппин мамлекеттеринин жарандары багындырышты. Бардык катышуучуларга сертификаттар жана дипломдор берилди.

ЖАК
Фото ЖАК. Турнирдин катышуучулары

«Шахмат — камакта жаткан адамдарга жетишкендик сезимин, келечек жөнүндө ойлонуунун зарылдыгын түшүнүү жөндөмүн берет. Бул оюн турмуш сабактары сыяктуу, ар бир кадамда туура ойлонуунун стратегиясын мээде калыптандырат. Бүгүнкү күндө Кыргыз шахмат Союзу менен биргеликте онлайн шахматты туруктуу негизде өткөрүү маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп билдирди ЖАКтын тарбия жана социалдык иштер башкармалыгынын башчысы Нурдин Бердикожоев.

ФИДЕ жана Чикагодогу Кук округунун шерифинин кеңсеси тарабынан уюштурулган «эркиндик үчүн шахмат» эң ири түзөтүү турнири биринчи жолу 2019-жылы өткөн.

Эң көп окулган жаңылыктар