23:20
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Кытай Кыргызстандан 386 миллион долларды тезарада кайтарууну талап кыла алат

Кытай Кыргызстандан 386 миллион доллар насыяны тезарада кайтарууну талап кыла алат. Бул тууралуу Бишкек жылуулук электр станциясындагы кырсык боюнча депутаттык комиссиянын жыйынында эл өкүлү Алмазбек Токторов билдирди.

Ал жыйында келишимдеги бул боюнча шартты окуп берди. Анда келишпестиктер жаралса, Кытайдын Эксимбанкы Кыргызстандан насыяны тезарада төлөөнү талап кыла алары жазылат.

«Мен бул талапты окуганмын. Аны менен өкмөт макул болгон. Бул Кытай тараптын талабы болчу. Ансыз бизге насыя берген эмес», — деди мурдакы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев.

Эскерте кетсек, Бишкек жылуулук станциясын жаңылоо үчүн 2013 -жылы кыргыз өкмөтү Кытайдан 386 миллион доллар насыя алган. ЖЭБтин оңдоо иштери августь айында аяктап, аны мурдакы президент Алмазбек Атамбаев ачты. Быйыл кышында ЖЭБте кырсык болуп, 5 күн Бишкек шаарынын тургундары жылуулуксуз калышты. Текшерүүдө ЖЭБте химиялык цех курулбагандыгы маалым болду. Маалыматтарга караганда, кытай тарап ЖЭБти толук куруп, бир жыл сынап көрүшү керек.

Жакында эле маалымат жыйында Алмазбек Атамбаев ЖЭБтеги кырдаалга президент Сооронбай Жээнбековду айыптады.

 
Эң көп окулган жаңылыктар