Ноокатта тоого мал издеп чыккан жаран каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-мартта Н.Исанов айылынын тургуну тоого мал издеп чыккан. Ал тайгаланып жыгылып, анын кесепетинен катуу жарат алып, көз жумган.