01:20
USD 89.12
EUR 94.98
RUB 0.95

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлөт

2-апрелден 3-апрелине чейин өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаап, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү жаралат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөп түнкүсүн Чүй, Талас өрөөндөрүндө 3...8°, күндүз 11...16° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 5...10°, күндүз 13...18° жылуу болот.

Тоо этектеринде жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 0...5°, күндүз 5...10° жылуу, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн −1...-6° суук, күндүз 4...9° жылуу, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −13...-18°, күндүз −2...-7° суук болот.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
16-апрель, шейшемби