16:50
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Чолпон-Атанын тургуну адашкан 12 жашар кызды зордуктады

Чолпон-Атанын тургуну адашкан 12 жашар кызды зордуктады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Ысык-Көл облустук ИИБдан билдирди.

Кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган. Анда кызын азиат улутундагы белгисиз адам зордуктаганы жазылган.

«Кылмышка шектүү катары Кара-Ой айылынын 53 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө амалдары жүрүп жатат», — дейт облустук ИИБдан.

Маалыматка ылайык, тергөө учурунда айыпталуучу күнөөнү толук мойнуна алган.

«Ал «Рух-Ордо» маданий борборунда кароолчу болуп иштеп, бош убагында эл ташый калат экен. Болжол менен саат 20.30 чамасында кичинекей кыз адашып калганын жана курсагы ач экенин айтып, унаасына отуруп турууну суранган. Киши аны «Рух-Ордо» борборунун кароолчулар жатчу жайына алып келип, курсагын тойгузуп, андан соң зордуктап салган",- деп маалымдашат Ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү.

Эң көп окулган жаңылыктар