05:06
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Атамбаевди сындаган акын Темирлан Ормукеев ооруканага жеткирилди

Акын Темирлан Ормукеев Темир жол вокзалынын ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу анын тарапташтары маалымдашты.

Буга чейин жарандык активист Адил Турдукулов, Бишкек шаардык милициясы акынды № 1 Тергөө абагына алып кетмей болуп жатканын кабарлады. Ага каршы Темирлан Ормукеев өз ичин жырууга аракет кылган.

Эскерте кетсек, Темирдан Ормукеевге Алмазбек Атамбаевди сындаган ырлары үчүн кылмыш иши козголгон. Андан кийин депутат Дастан Бекешов дагы милицияга кайрылган.

Шаардык сот Ормукеевди камоого алуу чечимин чыгарганы менен саламаттыгына байланыштуу ал түрмөгө жаткарылган эмес. Акындын эки көзү азиз жана эки жолу инфаркт болду.

Эң көп окулган жаңылыктар