07:31
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Сапар Исаковду Өзбекстанга кире берген жерден салтанаттуу тосуп алышты

Премьер-министр Сапар Исаков башында турган кыргыз өкмөтүнүн делегациясын «Достук» чек ара бекетинен Андижан облусунун губернатору Шухрат Абдурахманов салтанаттуу тосуп алды.

Эскерте кетсек, бүгүн Сапар Исаков Кыргызстан жана Өзбекстан чектеш облус жетекчилер кеңешинин алгачкы жыйынынын ишине катышат. Өзбек делегациясын премьер-министр Абдулла Арипов жетектейт.

Алгачкы Кеңештин жыйынын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулоо пландалууда.

Кыргыз делегациясынын курамында министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, өкмөттүн Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле чектеш региондордун аймактык органдарынын жетекчилери бар.

Кеңеш эл аралык деңгээлде байланыштарды өнүктүрүү жана эки өлкөнүн чектеш облустарынын кызматташтыгын кеңейтүү максатында түзүлгөн. Ал 2017-жылдын 5-7-сентябрында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин Бишкекке келген мамлекеттик сапарында Кыргызстандын чектеш облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана Өзбекстандын чектеш облустарынын акимдеринин кеңешин түзүү боюнча кол коюлган Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын өкмөттөрү ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумга ылайык ишке ашууда.

Эң көп окулган жаңылыктар