Чынара Бекбасарованын айтымында, тамеки сатууда мыйзам талаптары аткарылбайт. Бишкектеги соода түйүндөрүнүн 60 пайызында тамеки балдар оюнчуктары жана таттууларга жакын коюлган.
«Чылымды мектеп жана башка жайлардан 100 метр алыстыкта сатуу керек. Бирок, ал талап аткарылбайт. Мектептин жанындагы дүкөндөр, жада калса даналап сатып сатышат. Кыргызстанда тамекини даналап сатууга тыюу салынган» — дейт ал.
Фонддун иликтөөсүнүндө тамеки түтүнү коомдук тамактануучу жайларда нормадан ашыкча экендиги аныкталды.
«Атайын тамеки чегүүчү жайы бар жерлерде дагы түтүн жалпы нормадан ашып турат. Демек ал жерге келген кардарлар, жаш балдар жана кызматкерлер зордоп чылым чегип жаткандай эле абалда. Түтүн аркылуу дем алып, ден соолугуна гана зыян тийгизбей, көнүп калышы дагы ыктымал»
Чынара Бекбасарова
Тамекини сатуу жана чегүү боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүү сунушталууда. Ага ылайык тамекини дүкөндөрдө дагы жарнамалоого тыюу салынат. Андан тышкары, коомдук жайларда, спорттук жана балдарга арналган иш чаралар өткөн жерлерде тамеки чегүүчү жайлары болбошу шарт. Аны менен бирге тамекинин зыяндуулугу боюнча жармананын аянтчасын көбөйтүү сунушталат.
«Тамеки чегүүгө тыюу салынган коомдук жайларга автовокзал жана коомдук тамактануучу жайлар кирбей калган. Эми аларды да киргизүү керек» — дейт Чынара Бекбасарова.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматында, Кыргызстанда жыл сайын 6 миң жакын адам никотинге ууланып көз жумат.