13:37
USD 87.45
EUR 101.24
RUB 1.08

Ош облусунда аткезчилик менен ташылып бара жаткан тамеки продукциясы табылды

Ош облусунда аткезчилик менен ташылып бара жаткан тамеки продукциясы табылды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Түштүк-батыш бажыканасынын кызматкерлери «Достук» жайынан «ДЭУ Калос» унаасын токтотушкан. Текшерүү маалында унаадан 4 миң куту тамеки табылган. Алардын акциздик маркалары жок болуп чыкты.

«Айдоочу уруксат берилген кагазды көрсөтө алган жок. Жүктүн баасы 240 миң сомду түздү. Материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди», -деп билдиришти бажы кызматынан.

Эң көп окулган жаңылыктар