23:39
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Караколдо 9-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйды. Ал ата-энеси менен уруша кеткен

Каракол шаарындагы № 1 инновациялык гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык окуя 27-октябрда болгон.

Министрлик билдиргендей, каза болгон баланын апасы уулун электрондук тамеки менен кармап алып, атасына айткан. Ата-энеси баласын урушуп койгон. Алардын айткан сөздөрүн катуу кабыл алган бала өз өмүрүнө кол салган.

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева маркумдун үйүнө барып, ата-энесине кайрат айтты.

Мекеме электрондук тамекинин ар кандай жарнамалык роликтер аркылуу сатылышын тыюу салуу боюнча депутаттардын демилгесин колдорун жана ага мыйзам чегинде чектөө киргизүүнү сунуштай турганын кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар