2023-жылга чейин аймактар таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн суу долбоорлору боюнча отурумда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин башчысы Бактыбек Адбиев билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргызстан элин таза суу менен камсыз кылуу башкы маселе. Бул багытта 2016-2017-жылдары макулдашууларды ратификациялоо процедуралары жүргүзүлгөн. быйыл долбоор ишке ашырыла баштат жана 2023-жылы аяктап калат.
"Инвестиция тартуу биздин иш болсо, аны ишке ашыруу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн иши. Бирок шаар мэрлери жана акимдер айрым нерселерди түшүнбөй жатат",- дейт Бактыбек Абдиев.
Кыргызстанда 1 миң 860 калктуу пункт болсо, анын 430у таза суу менен камсыз болгон эмес.
Бактыбек Абдиевдин айтымында, аталган көйгөй өлкөнүн бардык аймактарында бар. Бирок Баткен, Ош жана Нарын облустарында басымдуулук кылат.